Босниянын президенттик үчилтигиндеги башкаруучулук бүгүн мусулман Сулейман Тигичке өттү. Өлкөнүн конституциясы боюнча Боснияда жашаган серб, хорват жана мусулмандар тарабынан үч башка президент шайланат жана алар президенттик үчилтикте кезектешип сегиз айдан төрага болот. Тигичке чейин Боснияны сегиз ай хорват Драган Кович башкарган.