Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:39

Тайван эли Кытайга каршылык билдирүүдө


Тайван эли бүгүн Кытайга каршы тарыхындагы эң ири каршылык аракетин уюштурду. Эки миллионго жакын адам бири-биринин колун кармап катарга туруп, аралдын түндүгүнөн түштүгүнө чейин узундугу 500 чакырымга жеткен тирүү чынжыр түздү. Кол кармашып тургандардын арасына президент Чен Шуй-бян дагы кошулду. Тайвандыктар - Кытай өзүнүн беш жүзгө жакын ракетасын Тайванга багыттаганына каршылык билдирүүдө. 20-мартта Тайванда президенттик шайлоо өткөрүлөт жана аны менен кошо өлкөнүн анти-ракеталык системасын күчөтүү керекпи деген маселе боюнча референдум жүргүзүлөт.

XS
SM
MD
LG