Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Иракка жардам көрсөтүү боюнча Абу-Дабиде конференция башталды


Абу-Даби шаарында бүгүн Иракка жардам көрсөтүү боюнча донорлор конференциясы башталды. Ирактын пландоо жана өнүгүү министри Мехди ал-Хафид анда чыгып сүйлөп, өлкөгө мурда убадаланган көптөгөн миллиард доллар жардамдын жок дегенде төрт миллиарды азыр Багдад үчүн өтө зарыл болуп турганы жөнүндө айтты. Октябрь айында Мадрид шаарында өткөрүлгөн эл аралык конференцияда Иракка 33 миллиард доллар убада кылынган, бирок эл аралык уюмдардын айтымында, азырынча анын 500 миллиону гана берилиши мүмкүн. Хафиддин билдиргенине караганда, Ирактын 120 миллиард доллар тышкы карызынын 60 пайызга жакыны кечирилди.

XS
SM
MD
LG