Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Жалалабад облустук мамадминистрациянын коллегиясы өттү


ЖАЛАЛАБАД. Бүгүн өткөн бул жыйында жазында күтүлүүчү жаратылыш кырсыктарын алдын алуу, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен коомчулуктун камылга иш аракеттери талкууланды. Жер көчкү, суу ташкын жана башка табият кырсыктарын алдын алуу милдети тиешелүү башкармалыктарга жүктөлдү. Кырсык күтүлгөн жайлардан элди коркунучу жок жайларга көчүрүү, өкмөттүк ссудалар менен кредиттерди кайтаруу иштери жай-баракат жүргөндүгү белгиленип, Аксы менен Каракөлдөгү жер көчкүлөр тууралу көбүртүп-жабыртылган малыматтар берилгени айтылды. Табият кырсыктарына каршы иши начар жүргөн район, шаарлардын башчыларына эскертүү берилди.

Кабарлар түрмөгүн Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев

XS
SM
MD
LG