ОШ. Өзгөн-Ош жолун куру боюнча тендерди кытайлык жол курулушчулар утуп алган. Башкы подрядчик "Чайно Рауз" корпорациясы. Суу подрядчик катары Кыргызстандын түштүгүндөгү "Түштүк суу", ЖБИ-20, "Асфальтобетон", "Аралсай" акционердик коомдору иш алып барат. Өзгөн - Ош ортосундагы 50 чакырым аралык жолду салууга 9 млн. доллар акча каралган. Иш мөөнөтү үстүбүздөгү жыл менен кошо аяктайт. Азыр даярдык иштери жүрүүдө. Күндүн жылышы менен негизги иш башталат. Иш жүргөн убакта жүк машинелер Карасуу тарап менен каттайт.