ЖАЛАЛАБАД. Сузак районунун тоолуу аймагында жайгашкан Кызылтуу, Кызкөл айыл өкмөттөрүнүн калкы транспорт каттамдары менен жолдордун оңдолбой жаткандыгына байланыштуу облустун губернатору менен Жогорку Кеңеш депутаттарына кайрылышты. Себеби мал-чарба азыктары менен жашылча, жемишин Жалалабад базарына алып келип сатуучу тоолуктар каражаттын тартыш учурунда кыйла машакатка туш болууда. 23-24-февралда унаалардын белгисиз себептерден улам токтобой калуусу тоолуктарды материалдык зор чыгымга кириптер кылды. Атуулдар кайрылууда транспорт маселесин жөнгө салууну, унаа каражаттарын эки күн токтотууга себепкер кызматтардын жоопкерчилигин кароо өтүнүчүн билдиришти.