БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун АКШга болгон иш-сапары аяктады. Бул тууралуу кечээ аталган министрликтен маалымдашты. Аскар Айтматов сапар учурунда АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл, Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Пьетро Вельо жана башка ырасмий адамдар менен жолугушту. Колин Пауэл менен болгон жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы эларалык терроризмге каршы күрөшүүнүн алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, Ооганстандагы азыркы абалды жөнгө салуу жана башка маселелер боюнча пикир алмашышты. Сапар учурунда Аскар Айтматов Карнеги атындагы фонддо сүйлөп, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан демократиялык жараяндар жөнүндө кеңири маалымат берди. Министр ошондой эле АКШнын Юта штатында болуп, штаттын жетекчилиги менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөштү.