АКШ дайындаган Ирактын башкаруучу кеңешинин мүчөлөрү өлкөнүн убактылуу конституциясы боюнча али бир бүтүмгө келише элек.
Убактылуу Башмыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу кечээ, ишемби күнү аяктап, бүгүн ага кол коюлуш керек болчу. Кабарчылардын билдиришинче, Кеңештин мүчөлөрү бүгүндөн калбай бир мунасага жетишебиз деген ишеничте.
Исламдын коомдогу орду, күрттөр жыш жашаган аймактардын болочок статусу жана аялдардын укугу маселесинде Кеңеш мүчөлөрү ортосунда бир көз караш жок.