Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

"Ош-3000" телерадиокомпаниясына жардам берилди


ОШ. "Ош-3000" телерадиокомпаниясына берилген технологиялык жабдуулар Кытайдан Кыргызстанга грант катары келген. Анын курамында үч камералуу телестудия, линиялык жана линиялык эмес монтаждоочу аппараттар, репортердук телекамералар, эки радиостудия бар. Кытай грантын "Ош-3000" телерадиокомпаниясына Кытайдын "Ютунда" аттуу фирмасы алып келип тапшырды. Телевизиондук жаңы жабдууларды биринчи вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев, Ош облус губернатору Накен Касиев келип көрүп кетишти жана жакынкы келечекте экинчи каналды да республикалык каналга айландырып, андан "Ош-3000" телерадио компаниясынын берүүлөрүн чыгаруу жагы сөзгө алынды.

XS
SM
MD
LG