БИШКЕК. 1-марттан 31-мартка чейин чет өлкөдөн келген мергенчилерге Кыргызстандын аймагында тоо теке, каман, элик, аркар, кулжага аңчылык кылууга улуксат берилет. Бул тууралуу бүгүн аңчылык башкармалыгынан билдиришти. Ар бир атылган кулжа 5 миң долларга, бир тоо теке 600 АКШ долларына бааланган. Аңчылыкка Германия, Казахстан жана Орусиядан мергенчилер келиши күтүлүүдө. Учурда Кыргызстанда аңчылык жана туристтик багыттардагы 50дөн ашуун фирмалар бар.