Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Кыргызстандык 6 жашар бала Вашингтондо шахмат боюнча ийгиликке жетишти


БИШКЕК. Өткөн аптанын соңунда Вашингтондо балдар жана өспүрүмдөр үчүн өткөрүлгөн шахмат боюнча ачык турнирде Кыргызстандын атуулу, 6 жаштагы Жантай Абдышев үчүнчү орунду ээледи. Бул турнирге Вашингтондон жана АКШнын бир катар штаттарынан 14 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр катышкан. Турнир Вашингтондогу балдар жана өспүрүмдөрдүн шахмат федерациясы тарабынан уюштурулган. Жантай Абдышев аталган шахмат федерациясына мүчөлүккө кабыл алынды. Жантай Абдышевдин атасы Айдар Абдышев жана апасы Сарина Тургуналиева Вашингтондо иштешет.

XS
SM
MD
LG