БИШКЕК. 2004-жылы Кыргызстандагы саламаттык сактоо мекемелери 1 млн. 770 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатына медициналык жабдуулар менен камсыздалат. Бул жылы ошондой эле негизги көңүл балдар ооруканаларынын медициналык жактан жабдылышын, жалпысынан эле медициналык-санитардык жардамды жакшыртуу иштерине жумшалат. Бул тууралуу бүгүн саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Быйыл өлкөдөгү балдар ооруканалары 6 млн. 135 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатка медициналык жабдуулар менен камсыздалат.