БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев бүгүн партиянын Вашингтондогу бөлүмүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу «Арнамыс» партиясынан «Азаттыкка» маалымдашты. Вашингтондогу жолугушууда «Арнамыс» партиясынын өкүлдөрү партиянын ишин активдештирүү, келе жаткан жергиликтүү, парламенттик шайлоолорго даярдыктарды көрүү жана башка маселелер боюнча пикир алмашышты. Эмил Алиев Кыргызстандагы башка саясий партиялардын лидерлери менен бирге АКШнын мамлекеттик департаментинин чакыруусу менен бул өлкөнүн партиялык системасы менен жана АКШдагы президенттик шайлоо алдындагы шайлоо кампаниясынын жүрүшү менен таанышуу максатында чакырылган.