Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Монголиядан делегация келди

БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте кыргыз-монгол өкмөттөрүнүн биргелешкен комиссиясынын биринчи отуруму өттү. Жыйында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык байланыштар боюнча сүйлөшүүлөр өтүп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу документтерге кол коюлду. 24 адамдан турган монгол делегациясын монгол-кыргыз өкмөттүк биргелешкен комиссиянын төрагасы, Монголиянын юстиция жана ички иштер министри Ням Доржин жетектеп келген. Келген делегацияны эртең өкмөт башчы Николай Танаев кабыл алат.
XS
SM
MD
LG