Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:32

Парламентте «Өкмөт жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланууда


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары бир апталык тыныгуудан кийин ишин улантышты. Отурумда депутаттар адегенде бүгүнкү күндө жер-жерлерде орун алып жаткан проблемалар жөнүндө маалымдашты. Алар өткөн аптада өздөрүнүн шайлоо округдарында болуп, жер-жерлердеги абал менен таанышып келишкен. Депутаттардын көпчүлүгү белгилешкендей, учурда дээрлик бардык райондордо жазгы-талаа иштерине даярдыктар начар, айыл-чарба техникасы, күйүүчү-майлоочу майлар жетишсиз болуп жатат. Шайлоочулар тарабынан айтылган башкы маселелердин бири электр жарыгынын өчүрүлүшүнө байланыштуу болд. Андан соң депутаттар «Өкмөт жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоону улантышты. Өзгөчө талаш-тартыштарды мыйзам долбоорунун 4-беренеси пайда кылды. Палатанын депутаттарынын негизги бөлүгү өкмөттүн түзүмүнө минитсрлик, комитет, комиссиялар менен бирдикте жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды киргизүүнү сунушташты. Бирок ал сунуш көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон жок.

XS
SM
MD
LG