Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Орусиянын өкмөт башчылыгына Михаил Фрадков көрсөтүлдү


Орусиянын президенти өлкөнүн премьер-министрилигине Михаил Фрадковду көрсөттү. Владимир Путин бүгүн парламент жетекчилери жана Думадагы "Бирдиктүү Орусия" фракциясы менен жолугушуп жатканда бул тууралуу жарыя жасады.
53 жаштагы Михаил Фрадков Орусиянын Европа Биримдигиндеги өкүлү. Ага чейин салык полициясынын башчысы болгон. Ал советтик, кийин орусиялык тышкы соода уюмдарында иштеген. Анын талапкердигин Дума 5-мартта карайт.

Мамлекеттик Думанын спикери жана "Бирдиктүү Орусия" партиясынын жетекчиси Борис Грызлов жаңы премьерди мактап сүйлөдү.

Европа да Фрадковдун талапкердигин жылуу кабыл алды. Еврокомиссиянын маалымат катчысы Рейхо Кемппинен Брюсселде кабарчылар менен жолугушууда буларга токтолду:

- Биздин көз карашыбызда, бул - Орусиянын Евробиримдик менен алакасына маани берээрин көрсөткөн жакшы жышаана болуп калды. Фрадков мырзанын Евробиримдик тууралуу терең түшүнүгү бар жана анын бекитилиши орток мамилелердин жана өз ара түшүнүүчүлүктүн тереңдешине огожо болот.

XS
SM
MD
LG