Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:11

Ж.Буш Конгрессти салык жеңилдиктерин жоюуга чакырды


АКШнын президенти Конгрессти экспорт үчүн берилген салык жеңилдиктерин тезинен жоюуга чакырды. Экспортерлорго берилген салык жеңилдиктери Европа биримдигинин АКШга каршы соода санкцияларын киргизишине алып келген эле. Европа биримдигинин Дүйнөлүк соода уюму тарабынан жактырылган чечимине ылайык 1-марттан тартып Америка товарларына карата бажы жыйымдары 5%га жогорулады, ошондой аларды ай сайын 1%га көтөрүп туруу мүмкүнчүлүгү каралган. Буга байланыштуу Европа биримдигинин соода комиссары Паскаль Лами кечээ буларды билдирген:

- Эгер алар өзүлөрүнүн мыйзамын канчалык тез өзгөртсө, биз санкцияларды ошончо тез жойобуз. Мен санкцияларды президент Буш ал мыйзамды жокко чыгарган күнү жоюуга даярмын.

XS
SM
MD
LG