Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

АКШ Гаитинин президентин кызматтан чегинүүгө мажбурлаган эмес


Ак үй “Гаитинин президенти Жан Бертран-Аристид АКШнын кысымы астында кызматтан чегинди жана аны америкалык аскерлер уурдап кеткен” деген маалыматтарды төгүндөдү. Өлкөдөгү башаламандыктардан улам жекшембиде кызматынан чегинип, мекенинен качып чыккан Аристид учурда Борбордук Африка республикасында турууда.
Кошмо Штаттардын коргоо министри Дональд Рамсфелддин билдиргенине караганда, алар Гаитиде жайгаштыруучу аскерлердин саны 1500- 2000дин тегерегинде болот. Ал эми бул өлкөдө тартип орнотуу милдетин аркалоочу эларалык күчтөрдүн жалпы саны 5000ге чамалайт. Азырынча Гаитиге АКШнын 450дөй аскери жайгаштырылды. Алар өлкөнүн башкалаасы – Порт-о-Пренстеги аэропортту жана француз жоокерлери менен бирге шаардын негизги көчөлөрүн көзөмөлдөөдө. Кечээ башкалаага кирген куралдуу козголоңчуларды жергиликтүү тургандар кучак жайып тосуп алды.

XS
SM
MD
LG