Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Белгияда коркунучтуу кылмышкер делинген кишинин үстүнөн сот иши уланууда


АРЛОН. Белгияда балдарды зордуктап, өлтүргөн делген Марк Дютру аттуу адамдын үстүнөн сот иши уланууда. Дютру эселек 4 кызды зордуктап, андан соң аларды өлтүргөн деп күнөөлөнүп жатат. Кылмыштын артында уюшкан топ турган-турбаганын толук иликтөө максатын көздөгөн прокуратура Дютрунун ишин сотко ашырууну алты жыл бою кечеңдетип келген. Окуянын өтө жайбаракаттык менен териштирилиши белгиялыктардын бүйүрүн кызытып, наарызылыгын жараткан. Кылмыштын айрым курмандыктарынын дайыны эмдигиче билине элек.


Күндүзгү жаңылыктарды даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары

XS
SM
MD
LG