Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Жөөттөрдү көчүрүү маселеси Вашингтондо талкууланмакчы


ЛОНДОН. Израилдин тышкы иштер министринин маалымдашынча, премьер-министр Ариэль Шарон жөөт айылдарын көчүрүү маселесин келээрки жумада Вашингтондо президент Жорж Буш менен талкуулайт. Министр Сильван Шаломдун айтымында, Шарон оболу бул планга эларалык колдоо алууну, андан соң аны кабинеттин кароосуна койууну пландаштырууда. Шалом Газадагы жөөт айылдары толугу менен же алардын бир гана бөлүгү көчүрүлөөрүн так айткан жок. Бул маселени бүгүн Шалом менен Лондондо талкуулаган Британ тышкы иштер министри Жек Строу мындай деди:

- Биз Израилдин оккупациясынын бүтүүсүн негизинен кубаттайбыз. Бирок көчмөндөр кандай шарттарда көчүрүлүп, кай жерге жайгаштырылат жана бул жараян "жол картасынын" ишке ашуусуна кандайча таасир этет. Бизди мына ушулар кызыктырат.

XS
SM
MD
LG