Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:42

Ирактагы жардыруулардан бери дегенде 143 киши курман болду


БАГДАД. Бүгүн Иракта болгон жардыруулардан бери дегенде 143 киши курман болду, көптөгөн кишилер жаракат алды. АКШнын Ирактагы аскердик өкүлүнүн айтымында, үч жанкечти-террорчу Ашурадагы майрамдык жөрөлгөлөргө шиилер чогулган кезде өздөрүн-өздөрү жардырып, 58 кишини өлтүрүштү. Ал эми Кербаладагы жардырууда 85 киши набыт болду. Ирактын убактылуу башкаруучу кеңешинин өкүлү Аднан Пачачи террордук кол салууларды сынга алып:

- Биз Ирактын биримдигин бузуп, сектанттык жиктелүү аркылуу өлкөдө бүлүк салганга аракеттенип жаткан террорчуларды кескин сындайбыз,- деди.

Пакистандын Кетта шаарында шиилерге жасалган кол салууда бери дегенде 37 киши курман болуп, 150дөй киши жаракат алды.

XS
SM
MD
LG