Бул тууралуу кечээ Югославиянын мурдагы президенти, Сербиянын премьер-министрлигине көргөзүлгөн Воислав Коштуница парламенти жаңы өкмөттүн программасы жана курамы менен тааныштырып жаткан учурда айтылды. Сербиянын жаңы өкмөтү ошондой эле Косовонун көз карандысыздык алышына да макул эмес. Сербиянын азыркы өкмөттүк коалициясы Воислав Коштуницанын Демократиялык партиясынан тышкары былтыр декабрдагы шайлоодо парламентке кирген либералдык жана монархиялык партиялардан турат. Бирок өкмөттүк коалиция учурда Гаагадагы трибуналда камакта отурган мурдагы президент Слободан Милошевичтин Социалисттик партиясынын колдоосуна да таянат.