Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Тажикстанда "Хизб ут – Тахрирдин" мүчөсү деп шектелген дагы беш адам камакка алынды


Өлкөнүн ички иштер министрлигинин кечээ билдиргенине караганда, кармалгандар Согди облусунун тургундары. Аларды өткөн аптанын соңунда камакка алуу учурунда "Хизб ут-Тахрирдин" 1000дей баракачалары алынган. Муну менен өткөн аптада эле Тажикстанда "Хизб ут-Тахрирдин" мүчөсү деп шектелип, камалгандардапрдын саны 21 адамга жетти. Ал эми Казакстанда кечээ Чимкент шаарынын соту 23 жаштагы жергиликтүү тургунду "Хизб ут-Тахрирдин" баракчаларын таратканы үчүн 3 жылга түрмөгө кести.

XS
SM
MD
LG