Муну "маанилүү шейшембидеги" добуш берүүнүн жыйынтыктары көргөзүүдө. Демократиялык партиядан президенттикке талапкерди тандоо боюнча баштапкы шайлоолор же америкалыктарча айтканда "праймериздер" кечээ он: Нью-Йорк, Калифорния, Огайо, Массачусетс, Жоржия, Миннесота, Мэриленд, Коннектикут, Вермонт, Род-Айленд штатында өттү. Азырынча сенатор Жон Керри алардын алтоосунда: Огайо, Коннектикут, Мэриленд, Массачусетс, Нью-Йорк жана Род-Айлендде жеңүүчү деп жарыяланды. Керри буга чейин шайлоо өткөн 20 штаттын 18синде утуп алган болчу. Анын баштапкы шайлоолордогу акыркы атаандашы сенатор Жон Эдварс
" Ассошейтед пресс" агенттигинин билдиргенине караганда, бүгүн президенттик жарыштан чыкканын жарыяламакчы.
" Ассошейтед пресс" агенттигинин билдиргенине караганда, бүгүн президенттик жарыштан чыкканын жарыяламакчы.