Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:14

«Ош ТВ» телекомпаниясына байланыштуу коомдук талкуу өттү


ОШ. «Ош ТВ» телекомпаниясынын берүүлөрүн 5- жыштыктан 23-жыштыкка которуудан улам пайда болгон жагдайга байланыштуу бүгүн Ош шаарында коомдук талкуу өткөрүлдү. Ага айыл аксакалдары, аймактык, кварталдык кеңештердин төрагалары жана өзбек диаспорасынын жетекчилиги катышты. Жыйналыш Султан Бабур атындагы өзбек драма театырында өтүп, ага жүзгө чукул киши катышты. Анда «Ош ТВ» телекомпаниясын коргоо жана колдоо комитети түзүлдү. Ош облусунан Жогорку Кеңешке шайланган депутаттарга, облустук жана шаардык кеңештин депутаттарына «Ош ТВ»ны колдоо тууралуу кайрылуу жөнөтүлдү. Мындан тышкары "Ош ТВ» телекомпаниясы башка жыштыкка жылдырылбай, 5-жыштыкта калтырылсын, себеби ал элге ыңгайлуу" деген талап жазылган катты өлкөнүн президентине жолдошту.

XS
SM
MD
LG