БИШКЕК. Иран ислам республикасынын парламентинин чакыруусу менен Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев баштаган делегация 15-18-март күндөрү Тегеранга иш сапары менен барат. Мыйзам чыгаруу жыйынынын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Абдыганы Эркебаев Ирандын президенти Мухаммад Хатами, палата төрагасы жана айрым өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрөт.