Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Аксыдагы «Энелер» коому Кыргызстандын энелерине кайрылды


БИШКЕК. Жалалабад облусунун Аксы районунун «Энелер» коому анын Аксы окуясына күнөөлүүлөрдү сот жообуна тартуу боюнча адилеттик күрөшүндө колдоого чакырып Кыргызстандын энелерине кайрылды. Бул тууралуу бүгүн Кербенден «Энелер» коомунун мүчөлөрү «Азаттыкка» маалымдашты. 17-мартта Аксынын «Энелер» коому жана Аксы окуясында жабыр тарткандарды коргоо комитети тарабынан Аксынын райондук администрациясынын алдында Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү митинги өткөрүлөт. «Энелер» коомунун мүчөсү, Аксы окуясында курман болгон Сатымбай Үркүнбаевдин апасы Кампаян апа бул боюнча «Азаттыкка» мындай деп маалымдады:

- Аксы окуясына 2 жыл болуп баратат. Бийлик, сот өзүнүн адилеттигин көрсөтө алган жок. Аксы окуясына күнөөлүү бир да адам жазага тартылган жок. Эми биз 17-мартта чогулганы атабыз , - дейт Кампаян апа. Ал эми «Энелер» коомунун мүчөсү Шааржан Ашырова :

- Биз - «Энелер» коомунун мүчөлөрү Аксы окуясына күнөөлүүлөрдү сот жообуна тартуу талабыбызды мындан ары да койобуз. Ак ийилет, сынбайт. Акыры адилеттик болот деп ишенебиз,- деп кошумчалады Аксынын «Энелер» коомунун мүчөсү.

2002-жылдын 17-мартында Аксынын Боспиек айылында нааразылык акциясы учурунда милиция кызматкерлери менен элдин кагылышуусунан 5 адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG