Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Маалымат каражаттарынын абалы талкууланууда


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын маселелерин талкуулаган семинар өз ишин баштады. Фридрих Эберт атындагы фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен өткөрүлүп жаткан семинарга негизинен республиканын жергиликтүү маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда. Бул күнү Кыргызстандагы маалымдоо каражаттарынын бүгүнкү абалы жөнүндө сөз болуп, журналисттердин кесиптик деңгээлининин төмөндүгү, маалымат каражаттары тарабынан объективдүүлүктүн, журналисттик этиканын сакталбай жатышы сыяктуу кемчиликтер белгиленди. Негизги көйгөйлөрдүн бири катары эркин маалымдоо каражаттарынын каржы маселеси экендиги жөнүндө айтылды. Семинарда жергиликтүү маалымат каражаттарынын ролун жогорулатуунун жолдору да талкууланды. Семинардын иши 4-мартта улантылат.

XS
SM
MD
LG