Өткөн аптада Боснияда учагы кыйраганда набыт болгон македон президентинин сөөгү мекенинде жерге берилмекчи. Сараево аба бекетинен сөөктү Босния-Герцеговинанын өкмөт жетекчилери, чет элдик дипломаттар жана Македониянын өкмөт өкүлдөрү узатышты.
Борис Трайковскийдин жана анын сегиз кызматкеринин сөөгүн Скопиеге Македониянын мартабалуу ырасмий өкүлдөрү жеткирип келишти. Трайковскийдин тажиясы жума күнү болот. Македон делегациясы Босния-Герцеговинада эларалык инвестиция жыйынына катышканы баратканда учагы кырсыкка учураган.