Мамлекеттик Коопсуздук министри Давит Угулаванын билдиришинче, Темур Габуния Самегрело аймагына коопсуздук кызматын коррупциядан арылтууга жиберилген эле. Кабарларга караганда, көптөгөн кызматкерлер Габунияны кесипкөй эмес деп сындап, отставкага кетишти. Бир нече офицер жаңы жетекчини иш бөлмөсүнө киргизбей, жолун торошкондо камакка алынды.