Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:16

Германия консервативдик партиясы өз талапкерин тандады

БЕРЛИН. Бүгүн Германиянын консервативдик оппозициясы Эларалык валюта корунун директору Хорс Келлерди алдыдагы президенттик шайлоого талапкер кылып көрсөттү. Келлер формалдуу түрдө дагы үч саясий партиянын: Христиандардын демократиялык биримдиги, Христиандардын социалдык биримдиги жана Эркин демократтар партияларынын колдоосуна ээ болду. Бул партиялар 23-майда федералдык жыйын өткөрүп, келечекте болуучу президенттик шайлоого өз талапкерин тандамакчы.
XS
SM
MD
LG