БРЮССЕЛЬ. Бүгүн Европа комиссиясы Иракты калыбына келтирүү боюнча программа кабыл алды. Ага ылайык Еврокомиссия ирактыктарды иш менен камсыз кылып, жакырчылыкты азайтып, коммуналдык байланыштарды калыбына келтирип, адам укуктарын коргоого салым кошмокчу. Еврокомиссиянын тышкы байланыштар боюнча өкүлү Эмма Адвиндин бүгүн билдиргенине караганда, комиссия быйыл бул максат үчүн 160 млн. доллар жушамакчы жана ал каражат АКШнын Ирактагы администрациясына көз каранды болбогон фонд аркылуу пайдаланылмакчы.
Комиссия Бириккен улуттар уюму менен Дүйнөлүк банк артыкчылык берген тармактарды көтөрүүгө басым жасоону максат кылууда.
Комиссия Бириккен улуттар уюму менен Дүйнөлүк банк артыкчылык берген тармактарды көтөрүүгө басым жасоону максат кылууда.