Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:40

Жерүй алтын кени экологияга коопсузбу?


ТАЛАС. Быйылкы жаздан баштап "Жер үй" алтын кенин иштетүү башталат деген кабарды уккан эл "экологиялык эң таза аймак кырсыкка кабылбайбы, алтын казылып бүткөндөн кийинки улуу калдыктар коопсуз сакталабы, эл башка жакка көчүрүлбөйбү" деген суроолорго ушул кезге чейин ынанымдуу жооп алыша элек. Ушул маселелер боюнча өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан эки жолу коомдук талкуу уюштурулган. Бирок ага кенди иштетүүчү «Талас голд майнинг компани» ишканасынын жетекчилери келбей коюшту. "Жер үй" алтын кенин иштетүүнүн экологиялык коопсуздугу боюнча иш жүргүзүп жаткан репродуктивдүү ден соолук боюнча «Альянс» өкмөттүк эмес уюмунун өкүлдөрү эми кезектеги кадам жасашты. Аталган ишкананын вице-президенти, Талас өрөөнүнүн кулуну Кусейин Жамакеевге эл жооп күтүп жаткан 11 маселе жазылган кат жөнөтүштү. Катка азырынча жооп боло элек. Бул туурасында аталган өкмөттүк эмес уюмдан 4-март күнү маалымдашты.

Жаңылыктар топтомун Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана дубандардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG