Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:14

Баткен шаарынын элдик курултайы өттү


БАТКЕН. Ага курултайдын делегаттарынан сырткары райондук, облустук кеңештердин өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Алгач шаар башчысы Абдыкалык Сейитказиевдин шаардын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө отчетту угулуп, канаттандыраарлык деп табылды. Курултайда негизги сөз шаардагы таза суунун таңкыстыгы жөнүндө болду. Анда облус борборуна таза суу алып келүү боюнча долбоордун жалпы наркынын элден чыгуучу 5 пайызын топтоо өтө эле солгун жүрүп, учурда болгону 500 миң сомдой эле акча чогулганы, Азия өнүктүрүү банкынын талабына ылайык жалпысынан элден 2 млн. 200 миң сом жыйналышы керектиги белгиленди. Мындан сырткары шаар ичиндеги жолдордун абалы өтө начардыгы белгиленип, быйыл жалпысынан 34 чакырым жолду оңдоого аракет көрүлөөрү айтылды. Мындай элдик курултайлар учурда облустун бардын айыл өкмөттөрүндө жана райондук баш ийүүдөгү шаарларда өтүүдө.

XS
SM
MD
LG