Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:03

Кыргызстанда 1600 мечит бар


БИШКЕК. 2003-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстанда христиан дининдеги 279 мекеме-уюм каттоодон өткөрүлгөн. Анын ичинде 41 храм, бир аялдар монастры, 12 диний окуу жайлары бар. Ошондой эле бүгүнкү күнү өлкөдө 1600 мечит, алты ислам институту, бир ислам университети, куранды окутуу боюнча 41 медресе каттоодон өткөрүлгөн. Мындан сырткары 1996-жылдан бери чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга 1032 диний кызматкер келген. Алардын ичинен 763 атуул христиан, 269 атуул ислам динин таркатуу максатында келишкен. Мындай маалымат өкмөттүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан алынды.

XS
SM
MD
LG