БИШКЕК. Өлкөдө "көгүлтүр отунду" пайдалануу үчүн бекитилген көлөмдөн көп жагылууда. Буга байланыштуу «Кыргызгаз» акционердик коому жылына 30 млн. сомго жакын зыян тартат деп билдирди бүгүн «Кыргызгаз» коому. Ишкананын кызматкерлери 4-февралдан 4-мартка чейин Бишкектин кичи райондорундагы газ эсептегичтери орнотула элек көп кабаттуу үйлөрдө иликтөө жүргүзүп, газдын жагылышынын көлөмүн эсептеп чыгышты. Натыйжада газ төлөнгөн өлчөмүнө караганда эки эсе жогору жагылгандыгы тастыкталды. Мындай иликтөөлөр буга чейин 2001-жылы да өткөрүлүп, иш жүзүндө жагылган газдын көлөмү ал үчүн төлөнгөн акча каражатына туура келбейт деген жыйынтык чыгарылган.
«Кыргызгаз» Акционердик коому бул маселени өкмөттүн кароосуна алып чыкмакчы.
«Кыргызгаз» Акционердик коому бул маселени өкмөттүн кароосуна алып чыкмакчы.