БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигине Франциянын «Авентис Фарма Интернешнл» компаниясы тарабынан 70 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатка инсулин препараты өткөрүлүп берилди. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 16 миңге жакын адам кант диабети менен ооруйт. Кыргызстан инсулин препараттары менен атайын келишимдердин негизинде батыш өлкөлөрүнүн фармацевтика компаниялары тарабынан камсыздалат. Бирок өткөн жылдын сентябрь айында инсулин препараты үчүн карыздын көлөмү көбөйүп кеткендигине байланыштуу кыргыз өкмөтү менен келишим түзгөн фармацевтика компаниялары республикага бул препаратты алып келүүдөн баш тартып, кризистик абал түзүлгөн. 2004-жылдын 1-январына карата инсулин препараты үчүн карыздын көлөмү 17 млн. 300 миң сомду түздү.