БИШКЕК. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун Ысыккөл облусундагы бөлүмү президент Аскар Акаевге, премьер-министр Николай Танаевге, Жогорку Кеңештин кош палаталарынын төрагаларына кайрылуу жолдошту. Анын ээлери Кыргызстанда мажоритардык шайлоо системасынын киргизилишинин зарылдыгы, аялдарды дискриминациялоонун айрым көрүнүштөрүнө бөгөт койуу үчүн тиешелүү иш-чараларды көрүүнү өтүнүшкөн. Кайрылууда белгиленгендей, мажоритардык системанын киргизилиши алдыдагы парламенттик шайлоого саясий партиялардын жигердүү катышуусун шарттайт. Ал эми аялдардын бүгүнкү абалы кыйын жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан социалдык саясатта аялдардын маселелери жетишээрлик эске алынган эмес.