БИШКЕК. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосунда ушул жылдын 4-январында Чымкентте, андан соң 11-февралда Бишкекте кол коюлган суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу жөнүндөгү протоколдор Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыктарына жооп бербейт. Бул жөнүндө бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын суу-энергетика маселелери боюнча комитетинин төрагасы Тайырбек Сарпашев билдирди. Макулдашууга ылайык Кыргызстан Токтогул суу сактагычынан агызылган суунун өлчөмүн секундуна 500 кубометрге чейин азайткан. Депутат белгилегендей, Борбор Азия республикаларынын ортосунда түзүлгөн бул протоколдо каралган шарттарга байланыштуу Кыргызстанда электр энергиясынын өндүрүлүшү 30 пайызга чейин төмөндөп, республиканын аймагында электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлө баштады. Бул ошондой эле жалпысынан өлкөнүн экономикасына да зыян келтирүүдө. Бул маселе 5-мартта Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынында каралат.