Хорст Келлерди Германиядагы консервативдүү оппозиция президенттикке талапкер кылып көрсөттү. Келлердин кандидатурасын оппозициядагы калган үч партия да колдоду. Буга байланыштуу Келлер бул сунушту кабыл алгандыгын, ошондуктан эларалык валюта фондусунун аткаруучу директорлук кызматынан токтоосуз кете тургандыгын билдирди. Германияда быйыл майда парламент өлкөнүн жаңы президентин шайлайт.