Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

Ирактагы террорду тыптыйпыл кылып токтотуу мүмкүн эмес


Мындай иш эч кимдин – америкалык контингенттин да, Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн да колунан келбейт, деп билдирди Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд мындан эки күн мурдагы кыянаттарды комментариялап. Мындан бир күн мурда Ирактын башкаруу кеңешинин мүчөсү, шийиттердин өкүлү Мохаммед Бахр ал-Улоом коалициялык контингенттен коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүнү талап кылган эле. Багдаддагы жана Кербаладагы террордук кыянаттан,такталган маалыматтарга ылайык, 181 киши набыт болду. Бейшемби күнү Багдаддагы телефон станциясында жарылган бомбадан дагы үч кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG