Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:37

Жалалабадда аялдардын эларалык күнүнө карата салтанат өттү


ЖАЛАЛАБАД. Майрамдык салтанат 500 адам чогулган облустук Барпы атындагы кыргыз театрында өттү. Облустун мекеме, уюмдарынан чакырылган кыз-келиндер менен энелерди куттуктаган облустун губернатору Жусупбек Шарипов турмуш-тиричиликтин оорчулугун 70% аялдар көтөрөөрүн белгиледи. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкон өндүрүштүн алдыңкы аял өкүлдөрүнө облустук администрация менен облустук кеңештин ардак грамоталары жана 300 сомдон акчалай сыйлыгы тапшырылды. Шаңдуу музыканын коштоосунда облустук, шаардык бийликтер менен мекемелердин эркек жетекчилери өнөрлөрүн тартуулашты.

Жаңылыктарды Айданбек Акмат уулу, Бүбүкан Досалиева жана дубандардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG