Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Баткен жана Согду облустарынын жетекчилери жолугушту


БАТКЕН. 4-мартта Тажикстандын Хожент шаарында өткөн жолугушууга коңшулаш эки облустун башчылары Аскарбек Шадиев менен Касымжан Касымов баштаган топтор катышып, анда негизинен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, чегара жана кыргыз- тажик элдеринин достугун чыңоо маслелери боюнча сөз жүрдү. Сүйлөшүүлөр учурунда тажик тарап Өзбекстандын Сох анклавын айланып өтүүчү Ош - Исфана жолунун курулушуна кызыкдар экенин билдирди. Ал эми Баткен облусунун жетекчилиги бул жолдун Тажикстандын Сурх, Чорку айылына кирбей өтүүчү бөлүгү үчүн үч жарым чакырым аралыктагы жер берүүсүн өтүнүп, анын ордуна Тажикстанга Кыргызстан электр линиясын тартууга 18 чакырым узундуктагы жер берүүнү сунуштады. Буга Согдий облусунун жетекчилиги каршы эместигин билдирип, бирок ага өкмөттүн макулдугу керектигин белгиледи. Жыйын соңунда эки тарап биргелешкен ишкана түзүү жана чектеш аймактардагы талаш жерлерди чегаралар мамлекеттик деңгээлде такталмайынча иштетпөө тууралуу макулдашышты. Эки облустун жетекчилеринин кийинки жолугушуусу ушул жылдын май айында Баткен облусунда өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG