Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

Жакын арада сел жүрүшү мүмкүн


БИШКЕК. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүнтөн тартып убактылуу күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү. Буга премьер-министр, атуулдук коргонуу боюнча республикалык штабдын башчысы Николай Танаевдин буйругу негиз берди. Анткени гидрометеорлогиялык борбордун маалыматына караганда, 6-10-март күндөрү Ош, Баткен, Жалалабад, Талас жана Чүй облустарынын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, катуу нөшөрдүн болушу күтүлүүдө. Андан тышкары Бишкек-Ош автожолунун 121-138, 198-265-чакырымдарында кар көчкүнүн жүрүшү жана тоо этектеринен суу көп агып, айылдарда сел жүрүшү болжолдонууда. Ушундан улам өкмөт башчы Николай Танаев аталган облустардын губернаторлоруна калктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды тезинен көрүп, күтүүсүз кырдаалга карата даяр турууга милдеттендирди. Күтүүсүз кырдаалга даяр туруу тапшырмасы саламаттык сактоо, транспорт министрликтерине да берилди.

XS
SM
MD
LG