Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

Президент Аскар Акаевдин өткөн жылдагы кирешеси жарыяланды


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев жана анын үй-бүлөсү өткөн жылы тапкан кирешеси тууралуу декларацияны бүгүн "Слово Кыргызстана" гезити аркылуу жарыялады. Ага караганда президенттин 2003- жылдагы эмгек акысы 576 миң 900 сом, жазган китептери үчүн гонорары 2 миллион 758 миң сом болгон. Президент ошондой эле 700 миң сомду эларалык коомдук сыйлык катары алган. Президенттин менчигинде Аламүдүн районунда аянты 331,8 чарчы метр келген үй, «Мерседес-бенц» маркасындагы жип түрүндөгү 1995-жылы чыгарылган автоунаасы бар экендиги маалымдалган. Ал эми президенттин жубайы Майрам Акаеванын китептери үчүн алган калем акысы, эл аралык сыйлыктардан алган кирешеси 10 миллион сомдон ашуун болгон. Майрам Акаеванын Бишкекте аянты 125 чарчы метр келген квартирасы бар экендиги белгилеген.

XS
SM
MD
LG