Арктикада ушул аптанын шаршемби күнү муздун жарылуусунан кыйроого учураган “Түндүк уюл –32” станциясынын 12 кызматкерин куткаруу иши башталды.
Экспедициянын башчысынын билдирген маалыматына караганда, станциянын кызматкерлери аман-эсен. Алардын бир канча күнгө жете турган тамак-ашы бар.
Бүгүн куткаруучу учак Шпицбергенге же Франц-Иосиф жерине жеткирилет. Ошол жерден ишемби күнү кырсыкка учураган станциянын 12 кызматкерине тик учак жөнөтүлөт. Куткаруучулар тобунун башчысы Артур Чилингаровдун пикиринде, челюскин окуясынан бери Түндүк уюлда мындай өзгөчө кырдаал болгон эмес.