Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Майлуусуудагы уран калдыктарынын адамга таасирин изилдеген өкмөттүк эмес уюмдар менен дарыгерлер коомдук угуу өткөрүүгө камданууда


ЖАЛАЛАБАД. Уран калдыктарынын калкка тийгизер таасирин дарыгерлер менен "Көмөкчү" аттуу бей өкмөт уюму изилдеп бүттү. Изилдөөгө ылайык, уу калдыктардын таасиринен айрым атуулдарга жара чыгып, тиш жана чачтары көп түшө баштаганы байкалган. Майлысууда шишик оорусу боюнча 167 адам каттоодо турат. Жамгыр көп жааган учурда ылай агымыдан улам 13 миң калкы бар Сарыбээ айылына жол жабылып калат. Уран калдыктарынын таасиринен элдердин баш ооруусу күчөп, айрым балдардын эси оогон учурлары бар. Ушул жана башка маселелер боюнча бийлик жана жергиликтүү калктын катышуусу менен жакында коомдук угуу өткөрүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG