Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:06

Кыргызстандык кыз-келиндер аскердик катарда

БИШКЕК. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин жеке курамынын 7%ын кыз-келиндер түзөт. Алардын ичинен 2%ы - офицерлер жана бир айым полковник наамына эгедер. Ал - министрликтин Аскердик-дарыгердик комиссиясынын башчысы Светлана Үмөталиева. Министрликте бир аял подполковник, 7 аял майор, 10 айым - капитан жана 15 айым - улук лейтенант наамын алып жүрөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Коргоо министрлигинин өкүлдөрү өздөрүнүн айым кесиптештери мыкты кызмат кылып жатканын белгилешти.
​
XS
SM
MD
LG