Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

ОШТВнын жетекчилиги байланыш агенттигинин чечимине нааразы


БИШКЕК. Ош шаарында иштеген ОШТВ сыналгы каналы Улуттук байланыш агенттигинин 5-дециметрлик каналдан 23-дециметрлик жыштыктагы каналга өтүү чечимине каршы. Мындай маалымат бүгүн телеканалдын жетекчиси Халил Кудайбердиевден алынды. Анын маалыматына караганда, Улуттук байланыш агенттиги телеканал ишин токтотууга мажбур болушу үчүн гана бир айдын ичинде бир каналдан экинчи каналга өтүү талабын коюп жатат. Анткени, сыналгы каналды бир каналдан экинчисине өткөрүүгө зарыл жабдууларды алып, которуу үчүн кеминде 42 миң 675 доллар зарыл. «Чакан телеканал бир айдын ичинде мындай суммадагы акчаны таап өтө албайт. Ошондуктан байланыш агенттиги акча которуу тууралуу мындан эки жыл мурун кабарлоого милдеттүү болчу», - деп билдирген Халил Кудайбердиев Улуттук байланыш агенттигинин чечимин негизсиз деп эсептөөдө. Ал эми Улуттук агенттиктин аппарат жетекчиси Николай Николаевдин айтымында, ОШТВнын каналы эфирдеги тоскоолдуктардан улам өзгөртүлүп жаткандыгын жана анда эч кандай материалдык жана саясий кызыкчылык жок экендигин билдирди. ОшТВ 1991-жылдан бери кыргыз, орус жана өзбек тилиндеги программаларды көрсөткөн көз карандысыз сыналгы компаниясы.

XS
SM
MD
LG