Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эксперттер жолугушат


БИШКЕК. 15-марттан тарта Баткен облусунун аймагында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча эксперттик деңгээлде жолугушуулар болот. Анда эки мамлекеттин Баткен жана Фергана облустарынын ортосундагы чек ара сызыгын аныктоо иштери жүрмөкчү. Бул тууралуу өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов бүгүн (ишембиде) билдирди. Өткөн айдын аягында Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жараянынын жүрүшү боюнча маалымат таратып, анда узундугу 1295 чакырым келген эки мамлекеттин чек ара сызыгынын 996 чакырымы аныкталып жазылганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG